Манаста 530 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы №13 Р. Азимбаев атындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Республикалык бюджеттен каржыланган мектептин курулушу март айында башталган. Учурда имаратта курулуш-монтаждоо иштери менен катар фасадды жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министр жаңы мектептерде Президенттин тапшырмасы менен күн панелдерин орнотуу каралып жатканын белгиледи. Бул энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды билим берүү объектилерине киргизүүнүн жаңы багыттарынын бири.
Жаңы мектеп 530 окуучуга ылайыкташып, жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттер жана спорт залы болот.