Манаста эттин баасын турукташтыруу боюнча ишкерлер менен жыйын өттү

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136

Манас шаардык мэриясында эт азыктарын сатуу менен алектенген ишкерлердин катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүлдү. Анда шаардагы эттин баасын турукташтыруу жана негизсиз кымбаттоого жол бербөө маселеси талкууланды.

Жыйынга Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, муниципалдык мүлк башкармалыгынын, ветеринардык башкармалыктын жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда тиешелүү мекемелер тарабынан шаардагы эт азыктарынын учурдагы баасына талдоо жүргүзүлүп, бааларды туруктуу кармоо боюнча чаралар каралды.

Дамирбек Давлянов мэрия эт азыктарынын баасына туруктуу көзөмөл жүргүзөрүн белгилеп, жыйындын жыйынтыгында ишкерлер бирдиктүү баа саясатын кармануу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди.

Манас шаардык мэриясы социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу жана калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо боюнча иштерди мындан ары да улантарын маалымдады.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X