Манаста селден жабыркаган жаранга 1 миллион сом камсыздандыруу төлөмү берилди

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 116

Манас шаарында селден жабыркаган жаранга 1 миллион сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмү тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган турак жай боюнча атайын баалоо иштери жүргүзүлгөн. Эксперттик корутундунун негизинде камсыздандыруу төлөмү дайындалган.

Төлөмдү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев жабыркаган жаранга расмий түрдө тапшырды.

Учурда өлкө аймагында табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X