Манастагы мектептин жаңы корпусу сентябрда ачылат

26-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 132

Манас шаарында окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу заманбап кошумча окуу корпусу курулуп жатат.

Үч кабаттуу жаңы имаратта окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери жыйынтыктоочу баскычка жетти.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорду жаңы окуу жылынын башталышына — сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Жаңы корпустун ишке кириши мектептеги орун тартыштыгын азайтып, жүздөгөн окуучуга заманбап, ыңгайлуу шартта билим алууга жол ачат.

375 жаңы орун — мектеп үчүн чоң мүмкүнчүлүк, окуучулар үчүн жаңы шарт!

26-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 132
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X