Марат Казакпаев менен бирге кармалган экинчи адамдын аты айтылды
Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы саясий серепчи Марат Казакпаев менен кармалган экинчи адам, мурдагы Кыргызстандагы казак диаспорасынын жетекчиси Марат Токтоучиков экенин тастыктап, шектүүлөргө карата баш коргоо чарасы тандалганын кабарлады.
Соттун чечими менен, Токтоучиков 2021-жылдын 13-июнуна чейин камакта болот. Ал эми Казакпаевди 14-июнга чейин камакта калтыруу чечими буга чейин чыгарылган.