Марлен Маматалиев Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады.
Маалыматка ылайык, бул демилге ал Стамбул шаарында Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушуу учурунда айтылды.
Белгилей кетсек, Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Ал 1930-жылдардагы ачарчылык маалында миңдеген адамдарды, анын ичинде Казакстандан келген качкындарды ачарчылыктан сактап калган.