Марлен Маматалиев баштаган делегация Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган парламенттик делегация Иран Ислам Республикасынын Жогорку Лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты.
Расмий иш-чара Ирандын борбору Тегеран шаарында өттү. Кыргыз делегациясын азем өтүүчү жайда Иран Ислам Республикасынын парламентинин вице-спикери тосуп алды.
Белгиленген протоколго ылайык, алып баруучу кыргыз делегациясынын келгенин жарыялагандан кийин Жогорку Кеңештин Төрагасы борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим кылды.
Андан соң Марлен Маматалиев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана Жогорку Лидердин үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугуп, көңүл айтты.
Иш-чаранын соңунда Төрага атайын көңүл айтуу китебине кыргыз элинин жана Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтуу сөздөрүн жазып калтырды.