Марлен Маматалиев баштаган делегациянын Жапонияга расмий сапары аяктады
Бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттык делегация Жапониянын Парламентинин Өкүлдөр палатасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттарга Өкүлдөр палатасынын мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк ишмердүүлүгү, парламенттик талкууларды өткөрүү жана чечим кабыл алуу жол-жоболору тууралуу маалымат берилди.
Муну менен Жогорку Кеңештин делегациясынын Жапонияга жасаган расмий сапары жыйынтыкталды.