Марлен Маматалиев: БУУ Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк соңку саясаттын жемиши

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 219

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы боюнча куттуктоо сөзүн айтып, бул окуяны өлкө тарыхындагы маанилүү жетишкендик катары баалады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан тууралуу мурда эл аралык коомчулукта ар кандай көз караштар болуп келгенин белгилеп, акыркы беш жылда президент Садыр Жапаров жетекчилиги астында өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр жүргөнүн, экономикалык көрсөткүчтөр ички гана эмес, эл аралык каржы институттары жана чет мамлекеттер тарабынан да жогору бааланып жатканын билдирди.

Маматалиев БУУдагы шайлоо процесси татаал экенин белгилеп, ага 190дон ашуун мамлекет катышып, ар бири өз позициясын билдирип добуш бергенин айтты. Анын пикиринде, мындай жыйынтыкка жетишүү олуттуу дипломатиялык ишмердүүлүктүн натыйжасы болуп саналат.

Ошондой эле ал Кыргызстандын БУУ Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүгү өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатууга, дүйнөлүк маселелерге активдүү катышууга жана инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X