Марлен Маматалиев Европа Биримдигинин өкүлү менен жолугушту
18-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерине токтолушту.
Жолугушууда Марлен Маматалиев Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен алакаларды чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, өлкө эки тараптуу жана аймактык форматтагы диалогду кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле билим берүү, санариптештирүү жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык да активдүү уланып жатканы айтылды. Төрага февраль айында Бишкекте Парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин 18-жыйыны ийгиликтүү өткөнүн, ал эми март айында Самаркандда «Борбор Азия – Европа Биримдиги» биринчи парламенттер аралык форуму уюштурулганын эске салып, мындай жолугушууларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Марлен Маматалиев Президент Садыр Жапаров эки жыл мурда Европага жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлганын белгилеп, аталган документти Европа өлкөлөрүнүн парламенттери тез арада ратификациялап берүүсүнө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Реми Дюфло жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстан Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Ал жетишилген келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эмгек миграциясы жана айрым санкциялык маселелер боюнча да пикир алмашуу болду.