Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Иран Ислам Республикасынын борбору Тегеран шаарында Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңешинин Мажлисинин Төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушту.
Жолугушуу Иран Ислам Республикасынын Жогорку Лидери Аятолла Сейед Али Хаменеи менен коштошуу аземинин алкагында өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Марлен Маматалиев иран тарапка көңүл айтып, саясий жана аскердик аракеттердин натыйжасында каза болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
Ал ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун белгилеп, жаңжалга катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун нормаларын сактоого, сабырдуулук көрсөтүүгө жана маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.
Мындан тышкары, кыргыз тарап Иран менен АКШнын ортосунда жетишилген макулдашууларды чыңалууну азайтууга жана диалогду өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааларын белгиледи. Төрага бул келишимдер өз ара ишенимди бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү чечимдерди табууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы Ирандагы жарандык инфраструктурага келтирилген зыянды жана адам курмандыктарын эске алуу менен гуманитардык жардам көрсөткөнүн да маалымдады.
Өз кезегинде Мохаммад-Багер Галибаф кыргыз тарапка көңүл айтуу билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, аймактагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.
Тараптар ошондой эле кыргыз-иран кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, быйыл Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чаралары боюнча пикир алмашышты.