Марлен Маматалиев JICA агенттигинин президенти менен сүйлөштү
Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар Кыргызстан менен JICAнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, инфраструктураны жакшыртуу жана аймактарды колдоо багыттарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууга депутаттар Талайбек Масабиров, Гульнара Акимбаева, Джамиля Исаева, Токтобүбү Ашымбаева, Джайлообай Нышанов, Советбек Рустамбек уулу жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.
Төрага Марлен Маматалиев JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына быйыл 25 жыл толгонун белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Кыргызстан менен Жапониянын алакасы ырааттуу өнүгүп, саясий диалог менен катар ишкердик жана гуманитардык багыттагы байланыштар жигердүү уланууда. Айрыкча JICAнын колдоосу менен бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды”, – деди Төрага.

Баарлашуу маалында саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулду.
Төрага Марлен Маматалиев JICAнын колдоосу менен Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана башка аймактарда медициналык жабдууларды жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалап: “Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да улантуу биз үчүн өзгөчө маанилүү. Калыптанган кызматташтыкты дагы кеңейтип, өлкөбүздүн бардык аймактарын камтууга кызыкдарбыз”, – деди Марлен Маматалиев.
Муну менен катар Төрага Кыргызстанда позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографиянын айкалышкан технологиясын (ПЭТ-КТ) киргизүү маселесин көтөрүп, онкологиялык илдеттерге каршы күрөшүүгө багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга чакырды. Айрыкча заманбап медициналык шаарча түзүү долбооруна жапон адистерин жана компанияларын тартууга кызыкдар экендигин билдирди. Жалпысынан зарыл болгон медициналык жабдууларды сатып алууну каржылоо, анын ичинде гранттык колдоо көрсөтүү жана насыя берүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле заманбап медициналык технологиялар менен иштей турган адистерди даярдоо маселелери да талкууланды.
Жолугушууда адамдык капиталды өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, Марлен Маматалиев JDS программасынын алкагында 300дөн ашуун кыргызстандык мамлекеттик кызматкер Жапонияда билим алганын белгилөө менен бул багыттагы кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
“JDS программасынын алкагында кадрларды даярдоо Кыргызстанды өнүктүрүүгө гана эмес, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы узак мөөнөттүү байланыштарды бекемдөөгө да маанилүү салым кошууда”, – деди Төрага.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Кыргызстанда иштеп жаткан жапон ыктыярчыларынын ишмердүүлүгүн, ошондой эле аймактарда чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган “Бир айыл, бир продукт” долбоорунун натыйжаларын да жогору баалап, аталган демилгелерди мындан ары кеңейтүү керектигин белгиледи.
Өз кезегинде Акихико Танака өзү жетектеген агенттик Кыргызстан менен мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, биздин өлкө уюм үчүн маанилүү өнөктөш мамлекеттердин бири экенин баса белгиледи. Буга кошумча 25 жыл аралыгында калыптанган өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Айрыкча жетишилген келишимдерди ратификациялап, колдоо көрсөткөн Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын билдирип, Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттардын бул расмий сапары кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничте экенин кошумчалады.