Марлен Маматалиев Кара-Кулжадагы бир катар объектилердин абалын текшерди
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусунун Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барып, райондогу бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө көпүрө, сугат суу, мектеп жана жол курулушуна байланышкан маселелер каралды.
Алгач Төрага Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 34,6-чакырымындагы Кызыл-Суу суусуна курулган көпүрөнүн абалын көрдү. Аталган көпүрө 17 айылды район борбору менен байланыштырган жалгыз жол болуп саналат.
Жаан-чачын учурунда суунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөгө коркунуч жаралгандыктан, жаңы көпүрө куруу демилгеси 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилген. Учурда долбоордук документтери даярдалууда.
Маматалиев жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо жана транспорттук каттамдын үзгүлтүккө учурашына жол бербөө үчүн маселени ыкчам чечүүнү тапшырды.
Ошондой эле Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылындагы Ак-Талаа участогун сугат суу менен камсыздоо долбоору каралды. Долбоор 153 гектар жерди, анын ичинде 110 гектар кайрак айдоо аянтын сугат суу менен камсыздоону көздөйт.
Сай айылында 534 кожолукта 2395 адам жашайт. Долбоор ишке ашса, кайрак жерлерди айыл чарбасында пайдаланууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана тургундардын кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан тышкары, Орто-Талаа жана Токбай-Талаа айылдарындагы 215 гектар жерди сугат суу менен камсыздоо долбоору тууралуу маалымат берилди. Бул айылдарда 921 кожолукта 4805 адам жашайт.
Төрага сугат суу маселеси айыл тургундарынын жашоо-турмушу жана дыйканчылыктын өнүгүшү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тез арада кароону тапшырды.
Иш сапардын жүрүшүндө Көндүк айылындагы Нурмамат уулу Сабыркул атындагы «Көндүк» орто мектебинин абалы да текшерилди. 1984-жылы пайдаланууга берилген мектепте учурда 164 окуучу билим алып, 36 мугалим жана техникалык кызматкер эмгектенет.
Мектептин имараты 2014-жылы авариялык абалда жана колдонууга жараксыз деп табылган. Анын ордуна 150 орундуу жаңы мектеп куруу үчүн тиешелүү документтер 2023-жылы даярдалган. Бирок объект титулдук тизмеге киргизилбегендиктен, курулуш иштери баштала элек.
Маматалиев жаңы мектептин курулушун баштоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Иш сапардын соңунда Төрага Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун реконструкциясынын жүрүшү менен таанышты.
Жалпы узундугу 50 чакырым болгон жолду реконструкциялоого Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. Учурда жер жумуштары жүргүзүлүп, жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилүүдө. Кой-Сары участкасынан Көк-Жар участогуна чейинки 4 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.
Жогорку Кеңештин Төрагасы жол курулушунун сапатын камсыздап, иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо зарылдыгын айтты.
Иш сапардын жыйынтыгында Кара-Кулжа районундагы жол, сугат суу, билим берүү жана башка социалдык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.