Марлен Маматалиев Караколдогу социалдык жана эс алуу жайларын кыдырды
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы бир катар социалдык, билим берүү жана эс алуу объектилеринин абалы менен таанышты.
Төрага жаңы уюштурулуп жаткан пляж аймагындагы көрктөндүрүү жана инфраструктуралык иштерди көрүп, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча пландар тууралуу маалымат алды.
Ошондой эле №7 мектепке, №4 жана №5 бала бакчаларга барып, алардын абалы, оңдоо иштери жана өнүктүрүү багыттары менен таанышты. Марлен Маматалиев билим берүү мекемелеринде заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, “Восход” эс алуу аймагын жана шаардык паркты кыдырып, инфраструктураны жакшыртуу, жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын айтты.
Сапардын жүрүшүндө Төрага шаар тургундары менен жолугуп, алардын сунуштарын угуп, көтөрүлгөн маселелер тиешелүү органдар тарабынан караларын билдирди.