Марлен Маматалиев Катардын элчиси менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 106

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 24-сентябрда, Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Катардын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев 1998-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эки өлкөнүн өнөктөштүгү жигердүү өнүгүп келе жатканын белгилеп, бул байланыштарды парламенттик деңгээлде да кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты.Возможно, это изображение один или несколько человек и Овальный кабинет

Ал депутаттардын достук топторунун ишин активдештирүүнү жана эки тараптуу иш сапарларды уюштурууну сунуштады. Ошондой эле Катар парламентинин төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганимди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде элчи Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Марри Кыргызстан Катар үчүн чөлкөмдөгү маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды колдоду.

Тараптар мындан тышкары соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана гуманитардык долбоорлорду улантуу боюнча пикир алышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X