Марлен Маматалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 376

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, кыргыз тарап Токаевдин жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдой турганын билдирди. Ал Казакстанда өткөн соңку референдумдун ийгиликтүү жыйынтыкталышы өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Төрага акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын айтып, жогорку деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Ошондой эле Марлен Маматалиев парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүү куралы экенин белгилеп, бул багытта биргелешкен иш-чаралар активдүү өткөрүлүп жатканын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Астана шаарындагы көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Марлен Маматалиевдин өлкөгө жасаган алгачкы расмий сапарынын маанисине токтолуп, анын эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишеним артты.

«Кыргызстан биз үчүн жакын коңшу, бир тууган мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш. “Казак-кыргыз  бир тууган” деген сөз бекеринен айтылган эмес», — деди Токаев.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүш көрсөтүп жатканын белгилеп, өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү окуя катары баалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан камсыздоо жана эки өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X