Марлен Маматалиев Кыргыз-Россия Славян университетинин Башкаруучу кеңешинин жыйынына катышты

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 211

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргыз-Россия Славян университетинин Башкаруучу кеңешинин жыйынына катышып, окуу жайдын өнүгүү багыттары жана келечектеги долбоорлору боюнча талкууларга аралашты.

10-июлда өткөн жыйынга Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары, Башкаруучу кеңештин төрагасы Константин Могилевский, университеттин ректору Сергей Волков, Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана окуу жайдын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында Марлен Маматалиев университеттеги заманбап жабдуулар менен камсыздалган лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштагы аталардын эрдигине арналган тарыхый-документалдык көргөзмөнү көрүп чыкты.

Жыйын учурунда Кыргыз-Россия Славян университетинин акыркы окуу жылдарындагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берилип, окуу жайдын стратегиялык өнүгүү максаттары талкууланды.

Төрага университет Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүү билим берүү долбоорлорунун бири экенин белгилеп, окуу жайдын жетишкендиктерине жогору баа берди. Ошондой эле студенттер жана окутуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын билдирди.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Кыргыз-Россия Славян университетинин Ош шаарында филиалын ачуу демилгесин колдоп, бул кадам өлкөнүн түштүк аймагындагы жана жалпы Фергана өрөөнүндөгү жаштар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ал эми депутат Гуля Кожокулова кошумча билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде кечки окуу форматын өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтып, университеттин мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорун узатты.

Жыйындын соңунда айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 211
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X