Марлен Маматалиев Маулен Ашимбаев менен жолугушту
21-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.
Жолугушууга Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү да катышты.
Тараптар баарлашуунун жүрүшүндө парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкө ортосундагы алакаларды мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий жана экономикалык байланыштар туруктуу өнүгүп жатканын белгилеп, мамлекет башчыларынын деңгээлинде үзгүлтүксүз диалог калыптанганын айтты.
“Казакстан Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган мамлекет болуп саналат”, — деди Төрага.
Мындан тышкары, ал парламенттик дипломатия кыргыз-казак мамилелерин чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, эки өлкө КМШ ПАА, ЖККУ ПА жана ТүркПА сыяктуу эл аралык аянтчаларда да тыгыз кызматташып келе жатканын кошумчалады.
Ошондой эле Марлен Маматалиев казакстандык кесиптешин Конституциялык референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, анын жыйынтыгы мамлекеттүүлүктү жана укуктук негиздерди бекемдөөгө багытталган саясатка коомчулуктун колдоосун көрсөткөнүн белгиледи.
Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктап, анын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Мындан тышкары, Сенат Төрагасы Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар тууралуу маалымат берип, республикалык референдумдун тарыхый маанисине токтолду. Анын айтымында, өлкөдө саясий системаны модернизациялоого, демократиялык институттарды өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган ири реформалар ишке ашырылууда.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү жана ачык диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.