Марлен Маматалиев парламенттин мурдагы төрагалары менен жолугушту

6-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 205

 6-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев өлкө парламентинин  мурдагы төрагалары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Төрага парламентте жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөчө санариптештирүү багытындагы иштер жана мыйзам чыгаруу органынын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык максаттар тууралуу маалымат берди.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мурдагы төрага-спикерлер Жогорку Кеңештеги учурдагы өзгөрүүлөргө оң баа берип, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары байкаларлык экенин белгилешти. Алар акыркы жылдары Кыргызстан экономика, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык кызматташтык багыттарында туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн баса көрсөтүштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө катышуучулар өлкөнүн эл аралык аренадагы жетишкендиктерине да токтолушуп, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын тарыхый окуя катары баалашты.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык мааниси, маданий мурастарды жайылтуудагы жана гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу орду боюнча пикир алмашуу болду.

Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст

Жолугушуунун соңунда Төрага Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишине жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мурдагы төрага-спикерлерге атайын төш белгилерди тапшырды.

Катышуучулар жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдой тургандыктарын билдирип, парламенттин ишин жакшыртуу багытындагы аракеттерге ийгилик каалашты. Алар ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясатты колдоорун белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X