Марлен Маматалиев: Педофилдер өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө отурушу керек

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 7-октябрдагы жыйында балдарга карата сексуалдык кылмыш жасагандарга байланыштуу резонанстуу талкууларга комментарий берди.

Ал депутат Айсаракан Абдибаева жоопкерчиликти жеңилдеткен мыйзам долбоорун демилгелебегенин, жарандардын кайрылууларын талкуулоо учурунда гана өз позициясын билдиргенин тактады.

Маматалиев прокуратураны педофилия боюнча күнөөсүз жаштар мыйзамсыз соттолгон болушу мүмкүн деген маалыматтарды текшерүүгө чакырды.

Ошол эле учурда төрага педофилдер өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө калышы керек деген позициясын билдирди.

Ал социалдык тармактардагы сын-пикирлерге да токтолуп, педофилия темасын Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүү үчүн колдонбоого чакырды.

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X