Марлен Маматалиев ШКУ өлкөлөрүнүн акыйкатчылары менен жолугушту

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175
Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Шанхай Кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча иш алып барган институттарынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Алсак, алар Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулган биринчи консультациялык жолугушууга катышуу үчүн келген.   Андыктан Төрага бул жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, быйыл Кыргызстан уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы алакаларды арттырууга, коңшулаш достук мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.
«Бүгүнкү күндө ШКУ коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн абройлуу эл аралык аянтчасы гана эмес, гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, коомдук диалогду бекемдөөнүн жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүү мейкиндиги болуп саналат», – деди Марлен Маматалиев.
Андан тышкары, кыргыз парламенти адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун улуттук системасынын маанилүү элементи болгон Акыйкатчы институтун өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айткан Төрага: «Жогорку Кеңеш менен Акыйкатчы институту мыйзамдарды өркүндөтүү, парламенттик көзөмөлдү күчөтүү жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо маселелеринде тыгыз кызматташып келет», – деди.
Буга мисал катары учурда «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык мыйзамын мындан ары өркүндөтүү боюнча алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын белгилеген Марлен Маматалиев каралып жаткан өзгөртүүлөр институттун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын жүйө келтирди.
Муну менен бирге Акыйкатчылардын алгачкы консультативдик жолугушуусун ШКУ алкагындагы жаңы салттын башталышы катары баалаган Төрага: «Мындай формат мындан ары да бекемделип, мазмундуу демилгелер менен толукталышы кажет. Бул жалпы позицияларды иштеп чыгууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк берет», – деп кошумчалады.
Андан сырткары, жолугушууга катышып жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү адам укуктарын коргоо маселелерине байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу учкай маалымат беришип, эки тараптуу алакаларды арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүштү.
Кошумчалай кетсек, жолугушууга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева жана ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань катышты.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X