Марлен Маматалиев Шопоков шаарындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Чүй облусунун Сокулук районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шопоков шаарындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырды. Иш сапарга депутаттар Бакыт Чомоев, Гүлжан Сатиева, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Алгач Төрага шаардагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын учурдагы абалы менен таанышып, объекттин техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жаңылоо муктаждыктары боюнча маалымат алды. Маалыматка ылайык, насостук станция 1961-жылы, ал эми тазалоочу курулмалар комплекси 1984-жылы пайдаланууга берилген. Учурда объекттин эксплуатациялык мөөнөтү аяктап, айрым негизги бөлүктөрү толугу менен эскирген.
Түзүлгөн кырдаал шаар үчүн экологиялык жана санитардык коркунучтарды жаратып жатканын белгилеген Марлен Маматалиев тиешелүү жетекчилерге сметалык документтерди даярдап, объектти жаңылоо иштерин 2027-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасын берди.
Андан соң Төрага Сокулук райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда мекеме өзүнө таандык имараты жок болгондуктан ижарага алынган жайда иш жүргүзүп келет.

Бул маселеге токтолгон Марлен Маматалиев башкармалык үчүн заманбап имарат куруу зарылдыгын белгилеп, жаңы курулуш үчүн жер тилкеси бар экенин кошумчалады. Ал тиешелүү жетекчилерге долбоордук-сметалык документтерди даярдап, каржылоо булагын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле Социалдык коргоо башкармалыгынын жаңы имаратын 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүү милдетин койду.
Иш сапардын жүрүшүндө Төрага Шопоков шаарынын борбордук стадионунун абалын да көрүп чыкты. 1993-жылы курулган спорттук жай учурда капиталдык оңдоого муктаж экени белгиленди. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилерге каржылоо маселесин чечип, жаңылоо иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары жана Кыргыз футбол союзунун вице-президенти Жылдыз Таалайбек кызына стадионду жаңылоого байланышкан иштерди алып баруу тапшырылып, каржылоо маселесин чечүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.
Иш сапардын соңунда Марлен Маматалиев Шопоков шаарындагы Маданият үйүндө Сокулук районунун жана шаар тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Төрага иш сапардын максаты жана кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берип, алардын аткарылышы көзөмөлдө болорун белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө тургундар ички жолдордун абалы, газификация, таза суу менен камсыз кылуу, электр энергиясынын кубаттуулугу, билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги, жаңы конуштардагы инфраструктуралык көйгөйлөр, коомдук транспорт жана жумуш орундарын түзүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле жер тилкелерине байланышкан талаштуу жана документтери толук эмес маселелер боюнча кайрылуулар айтылды.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган мыйзамдарды кабыл алууну улантарын белгилеп, мындай жолугушуулардын негизги максаты элдин көйгөйлөрүн жеринен угуп, аларды чечүү жолдорун биргеликте талкуулоо экенин билдирди.
Жолугушууга катышкан депутаттар жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү тургундардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.