Марлен Маматалиев: Спорттук иш-чаралар конуштардагы ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт
Бишкек шаарындагы №205 муниципалдык аймактык башкармалыгында «Конуштар ынтымагы» аталышындагы волейбол турниринин салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев катышты.
Спорттук мелдештин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Максат Алымбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, конуш тургундары жана спорт сүйүүчүлөрү катышты.
Төрага Марлен Маматалиев өз сөзүндө спорттун коомдогу маанисине токтолуп, мындай иш-чаралар жаштарды сергек жашоого үндөп, элдин ынтымагын бекемдөөгө жардам берерин белгиледи.
«Спорт — ден соолукту чыңдоонун гана эмес, адамдарды бириктирген маанилүү күч. Айрыкча конуштарда уюштурулган мындай мелдештер достукту, өз ара колдоону жана коомдук биримдикти бекемдөөгө чоң салым кошот», — деди ал.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы өлкөдө массалык спортту өнүктүрүү, спорттук инфраструктураны жакшыртуу жана жарандар үчүн дене тарбия менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Конуштар ынтымагы» волейбол турнири тургундардын активдүү катышуусунда өтүп, спорт аркылуу достук мамилелерди чыңдоого багытталды.