Марлен Маматалиев Ысык-Көлдө социалдык жана туристтик объекттер менен таанышты
Марлен Маматалиев 17-майда Ысык-Көл облусу аймагына иш сапары менен барып, Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы социалдык, инфраструктуралык жана туристтик объекттердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Алгач төрага Кызыл-Суу айылы аймагындагы борбордук стадионду көрүп чыгып, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жаштар саясатынын маанилүү багыты экенин белгиледи.
Ошондой эле А.Керимкулов атындагы стадионду реконструкциялоо боюнча даярдалган долбоорлор менен таанышты. Андан соң Жомок каньону туристтик жайына барып, анын инфраструктурасын өнүктүрүү жана экологиялык абалын сактоо маселелерине көңүл бурду. Жолугушууда туристтер үчүн заманбап шарттарды түзүү жана объектти өзүн-өзү каржылаган фонд аркылуу өнүктүрүү демилгеси талкууланды.
Иш сапардын алкагында Марлен Маматалиев Энелер күнүнө арналган «Баатыр энелердин» облустук форумуна катышып, энелер коомдун негизги тиреги экенин белгиледи. Ал мамлекет тарабынан энелерди колдоо багытындагы иштер, анын ичинде “Бала ырысы” жөлөкпулу тууралуу да маалымат берди.
Ошондой эле төрага Тоң районунун Тоң айылы аймагындагы №81 кесиптик лицейге тиешелүү 10 гектар иштетилбей жаткан жерди максаттуу пайдалануу маселесин көтөрдү. Бөкөнбаев айылы аймагында стадиондун курулушу, этно-музейди өнүктүрүү жана социалдык объекттердин абалы да каралды.
Мындан тышкары, жергиликтүү мектептердин жана дарыгердик борбордун инфраструктуралык көйгөйлөрү талкууланып, кошумча бала бакча куруу боюнча сметалык эсептөөлөрдү даярдоо чечими кабыл алынды.
Иш сапардын соңунда төрага жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыты экенин белгилеп, көтөрүлгөн маселелер этап-этабы менен чечилерин айтты.