Марлен Маматалиев: ЖМК менен ачык кызматташууга көңүл бурабыз
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана блогерлерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
«Урматтуу журналисттер жана блогерлер!
Сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бир кылымдан ашуун тарыхы бар кыргыз басма сөзү коомдук пикирди калыптандырууга, улуттук аң-сезимди ойготууга жана мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө зор салым кошуп келет.
Заман өзгөрүп, маалымат мейкиндиги кеңейген сайын журналисттердин жана блогерлердин коом алдындагы жоопкерчилиги да артууда. Кандай шартта болбосун, чынчылдык, калыстык жана кесипкөйлүк башкы баалуулук бойдон калууга тийиш.
Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын болушунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду чоң. Быйыл парламенттин ишин чагылдыруу үчүн 200гө жакын журналист аккредитациядан өттү. Биз мындан ары да маалымат каражаттары менен ачык жана тыгыз кызматташууга өзгөчө көңүл бурабыз.
Айрыкча, эл эс алып жатканда да окуянын чордонунда жүрүп, коомчулукка маанилүү маалыматтарды жеткирип келген журналисттердин эмгегин жогору баалайм.
Бизди бириктирген башкы максат — Кыргызстаныбыздын өнүгүшү, элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин жаркын келечеги.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык эргүү жана кесиптик ийгиликтерди каалайм!
Калемиңиздер курч, сөзүңүздөр таасирдүү болсун!
Майрамыңыздар менен!», — деди Марлен Маматалиев.