Марокконун бийлиги Испания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Британиянын жардамын кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда аталган төрт өлкө куткаруучуларды жана гуманитардык жардам жөнөткөн. Жардам берүү ниетин билдиргендердин арасында Франция, АКШ, Израиль сыяктуу мамлекеттер дагы бар. Акыркы маалыматтар боюнча зилзаладан набыт болгондордун саны 2200гө чамалады. Учурда урандылдардын алдынан аман калгандарды издеп, куткаруу иштери уланууда.