Маселе атышуу менен чечилбейт

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 11

Аптанын шаршембиси, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасынын бейтарап аймагында Тажикстан Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жолугушуусу өтүп, анда такталбаган чек ара тилкелеринде мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана сугат суу маселелерин жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүүлөр аркылуу чечип алуу макулдашылган. Мындан сырткары, райондук жетекчилер жума сайын, облус жетекчилери айына эки ирет жолугуп турмай болушкан. Тилекке каршы, сүйлөшүүлөр жыйынтыкталгыча эле, кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал орун алып, чыңалган курч кырдаал бүгүнкүгө чейин сакталууда.

Бул окуянын чоо-жайы боюнча өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кечээ, 29-апрелде расмий билдирүү таратты. “Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинде болжолдуу чек ара сызыгынан 2-3 метр аралыкта тажик жарандары шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары тажик жарандарынан бул аракеттерди токтотууну талап кылган. Алар макул болушпагандыктан, курал колдонулаары эскертилген.Бирок, курал колдонуу болгон эмес” деп айтылат билдирүүдө. Ал эми кырдаалды кыргыз тарап курчутуп жатат деген кошуналардын социалдык тармактардагы маалыматтары чындыкка дал келбейт. Ошондуктан, УКМКнын Чек ара кызматы коңшу өлкөнү соцтармактар аркылуу чагымчылдык кылбоого чакырды.

Ал эми Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө. Жергиликтүү тургандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча да иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Көк-Таш айылынын жашоочулары коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Алардын саны учурда 848ди түздү. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарынаөзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө аралыгы убактылуу жабылды.

“Эки өлкөнүн чек арасында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар. Бирок, азыр абал көзөмөлдө. Биз эки элдин кагылышуусуна жол бербейбиз”, — деди Ө.Суваналиев.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы аралыгы 970 чакырымды түзөт, бүгүнкүгө чейин анын 504 чакырымы гана такталган. Эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери кошуналар талаштуу 70 аймактын башын ача албай келет.

Негизи кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар буга чейин көп ирет, ал турсун пандемияга карабастан, 2020-жылы да кайталанган. Эки өлкө жетекчилигинин чек ара талаштарын чечүү аракеттери азырынча майнапсыз болууда. Такталбаган чек ара тилкелеринен тышкары, суу тартыштыгы күтүлүп жаткан үстүбүздөгү жана кийинки жылдары суу талаштан улам жогорудагыдай жаңжалдар дагы орун алышы мүмкүн. Андыктан, мамлекет жетекчилери эки элдин касташуусуна жол бербеш үчүн колдон келген аракеттердин баарысын жасоолору кажет.

Окуя болгон жерде УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жүрөт.Кечээ бул жакка ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков барды деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

УКМКнын соңку билдирүүлөрүнө караганда Тажикстандын атайын даярдыктагы жана чек ара аскерлери 29-апрелде саат 14:00дө миномет, пулемет жана автоматтар мененжапырт аткылоону баштаган. Кечке жуук тажик тарап
“Капчыгай”, “Миң-Булак”, “Достук” тозотторуна, ошондой эле “Кожоагар” жана “Булак-Башы” чек ара постторуна кол салышып, миномет менен аткылоодонБаткен чек ара отрядына караштуу “Достук” тозотунун имаратын өрт чалды.
Ал эми Өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев атышуулардын натыйжасында чек аранын Кара участогунда жайгашкан “Төрткүл” чек ара тозотунун имараты өрттөнүп кеткендигин кабарлады.

Курчуп бараткан кырдаалга байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, коңшу өлкөлөрдү ынтымакка чакырды. “Өзбекстан абалды жөнгө тез арада жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр” деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Баткендеги кырдаалга байланыштуу кечээ Өкмөт үйүнүн алдына чогулган жарандар менен жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов:“Маселени эки тарап дипломатиялык жол менен чечүүсү керек. Бирок, провокациялык аракеттер жоопсуз калбайт”, — деп айтты.

Атай АЛТЫМЫШЕВ

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X