Массалык баш аламандык иши: Шектүү жарандарды сабап телефонго тартып жүргөн

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 145

Массалык баш аламандыктарга чакырыктар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн жарандарга карата күч колдонгон бир нече фактысы аныкталды.

Ички иштер органдары буга чейин 2003-жылы туулган О.А. аттуу жарандын социалдык тармактар аркылуу мыйзамсыз акцияларга жана массалык баш аламандыктарга чакырыктарды таратканын билдирген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө маалыматына ылайык, 2025–2026-жылдары кеминде төрт эпизод катталган. Анда шектүү башка жарандарга карата күч колдонуу учурларын видеого тартып, жабырлануучуларды эл алдында кечирим суроого мажбурлаганы айтылат.

Үч факт боюнча жабырлануучулардын өздүгү аныкталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Дагы бир окуя боюнча тиешелүү текшерүү уланууда.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүүнүн башка мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар-жогу да иликтенүүдө.

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 145
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X