Материалдык резервдер фондунан Бишкекке 200 тонна кумшекер, 80 тонна май бөлүнгөн

24-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 39

Бишкек шаарындагы 115 дүкөндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн кумшекер менен өсүмдүк майы сатылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Май жана кумшекер Бишкектин Ленин районунда 43, Биринчи май районунда 26, Свердлов районунда 27, Октябрь районунда 19 дүкөндө сатылууда.

«Бүгүнкү күндө 52 миң 620 литр май, 128,2 тонна кумшекер сатылды», — деп айтылат билдирүүдө.

КР Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражатынан Бишкек шаарына 200 тонна кумшекер жана 80 тонна май бөлүнгөн.

 

24-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X