Медалдык эсеп боюнча Швеция алдыга озуп чыкты
Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиадада медалдык эсеп боюнча Швеция алдыга озуп чыкты. Кечээ, 8-февралда 10 комплект медал ойнотулган. Швециянын спортчулары 3 медал утуп алышкан. Андан кийинки орундукта Нидерланды өлкөсү. Үчүнчү сапта Кытай жайгашты. Ушул сааттарга жалпы 22 өлкөнүн спортчулары медалдарды утуп алышкан.