Медер Абакиров Казакстандын жаңы элчиси Абылкайыр Скаковду кабыл алды

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 140

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкайыр Скаков менен жолугушуп, анын Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Айрыкча саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар мамлекет башчыларынын жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашууларды өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Медер Абакиров Абылкайыр Скаковду жаңы дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди жана жемиштүү кызмат каалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X