Медербек Алиев Венада адам сатууга каршы күрөш боюнча эл аралык жолугушууга катышты

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 98

Кыргызстандын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук баяндамачысы Медербек Алиев Венада өткөн эл аралык жыйында өлкөнүн бул багыттагы тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады.

28–29-сентябрда ЕККУ менен Европа Кеңеши уюштурган жолугушууда адам сатуунун уюшкан кылмыштуулук менен байланышы жана ага каршы күрөшүү маселелери талкууланууда.

Алиев адам сатуунун жаңы түрлөрү татаалдашып, трансулуттук мүнөзгө ээ болуп жатканын белгилеп, Кыргызстанда алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо жана мамлекеттик органдардын координациясын күчөтүүгө көңүл бурулуп жатканын айтты.Возможно, это изображение телевизор и текст

Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун катышуусу адам сатуунун алдын алууда маанилүү экенин белгиледи.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X