Медербек Сатыев Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы менен соттук кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады
2026-жылдын 18-июнунда Астана шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун II конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Маргарита Мельникова жана Инара Гилязетдинова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, коомчулук, ЖМК жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков, ошондой эле Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кудайберген Базарбаев катышты.
Тараптар эки өлкөнүн Жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, сот тутумун санариптештирүү, соттук тажрыйба алмашуу, судьяларды даярдоо жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты.
Медербек Сатыев кыргыз-азербайжан мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделгенин белгилеп, Азербайжандын сот адилеттигин санариптештирүү жана сот башкаруусун модернизациялоо багытындагы тажрыйбасына жогору баа берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандум түзүү демилгеси көтөрүлдү. Тараптардын пикиринде, документ соттук тажрыйба алмашууга, санариптик технологияларды киргизүүгө, судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сот-укуктук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.