Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту

1-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен ачык форматтагы жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда сот системасынын ачыктыгын камсыз кылуу, коомчулук менен ишенимди бекемдөө жана медиа менен кызматташууну күчөтүү негизги маселелер катары белгиленди.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку соттун Төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль Бакирова, Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов катышты.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев маалымат каражаттары коомдук пикирди калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи. Анын айтымында, сот системасы тууралуу маалымат берүүдө тең салмактуулук сакталуусу зарыл — коомчулук терс көрүнүштөр менен катар оң өзгөрүүлөрдү да көрүшү керек.

Ошондой эле төрага блогерлерге болгон ишеним өсүп жаткан шартта маалыматтын сапаты жана далилдүүлүгү өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи. Ар бир жарыя коомчулуктун сот системасына болгон көз карашына түз таасир этери айтылды.

«Белгилүү болгондой, сотто утулган тарап көп учурда чечимге нааразы болот. Бул табигый көрүнүш. Бирок дал ушундай учурларда сиздердин чеберчилигиңиздер, аналитикалык көз карашыңыздар жана терең иликтөөлөрүңүздөр коом үчүн өзгөчө маанилүү. Сиздер даярдаган ар бир материал коомчулуктун көз карашын калыптандырууда чоң роль ойнойт.

Биз жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган бардык материалдарды кылдат талдап, коомчулуктун пикирине ар дайым көңүл буруп келебиз. Сын-пикирлерди эске алуу менен ишибизди жакшыртууга аракет кылабыз», — деп белгиледи Медербек Сатыев.

Медиа өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуштарын ортого салышты. Жогорку сот жетекчилиги бул пикирлер мындан аркы иштерде эске алынарын белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында сот системасынын ишин кеңири жана сапаттуу чагылдырууга салым кошкон айрым журналисттер жана блогерлер ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

1-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X