Медиа — бөлүнүүнүн эмес, ишенимдин көпүрөсү. Кыргызстан Бакуда өз позициясын билдирди

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131

 Баку шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (ЖКЧА) «Поляризацияланган дүйнөдө медиа аркылуу ишенимди бекемдөө» аталышындагы Биринчи медиафоруму өттү.

Эл аралык иш-чарада Кыргызстанды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева өкүлчүлүк кылды.

Ал өз сөзүндө дүйнөдө пикирлердин ажырымдары күчөп жаткан шартта медианын ролуна токтолуп, маалымат каражаттары коомду бөлүп-жарган эмес, тескерисинче, ишенимди, диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдеген аянтча болушу керектигин белгиледи.

Сарногоева Кыргызстандагы жарандык биримдикти чыңдоого багытталган «Кыргыз жараны» концепциясына да токтолду. Анын айтымында, концепция жарандарды жалпы жарандык иденттүүлүктүн жана орток баалуулуктардын айланасында бириктирүүгө багытталган.Возможно, это изображение динамик, осветительное оборудование, помост и текст

Министрдин орун басары эл аралык маданий диалогду өнүктүргөн ийгиликтүү аянтчалардын бири катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мисал келтирди. Ал Оюндардын эл аралык аудиториясын кеңейтүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстанда салттуу ЖМКлар менен жаңы медианын өкүлдөрү өз ара аракеттенген заманбап медиаэкосистема калыптанып жатканына көңүл бурду. Бул багытта өз ара урматтоону күчөтүү, диалог маданиятын жайылтуу жана коомдогу стереотиптерди жоюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Сөзүнүн соңунда Салкын Сарногоева Кыргызстан коопсуз, жоопкерчиликтүү жана коомду бириктирген маалыматтык мейкиндикти түзүүгө багытталган эл аралык кызматташтыкка ачык экенин билдирди.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X