Медицина кызматкерлери кошумча төлөмдөрүн алып жатышат

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 47

Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди. Тактап айтсак, Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2021-жылдын март айына кошумча төлөмдөрдү толук берген. “Жалал-Абад областтык саламаттык сактоо мекемелеринде Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча ишке тартылган 187 медициналык кызматкерлерге 2021-жылдын март айына 1 млн 793,2 миң сом компенсациялык төлөм толук берилди”,-делет маалыматта.
Аймактык ооруканаларда иштеген 149 медициналык кызматкерлерге — 1 млн 436,9 миң сом:
Анын ичинен:
Жалал-Абад областык клиникалык больница – 129 медкызматкерге — 1 млн 240,4 миң сом,
Аксы АО – 20 медкызматкерге – 196,5 миң.сом.
Үй-Бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген 28 медициналык кызматкерге — 248,5 миң сом:

Анын ичинен:
Ала-Бука ҮДБ –4 медкызматкерге – 44,6 миң сом,
Кочкр-Ата ш.ҮДБ – 16 медкызматкерге – 107,2 миң сом,
Сузак ҮДБ – 4 медкызматкерге – 2,2 миң сом,
Токтогул ҮДБ – 4 медкызматкерге – 94,4 миң сом.
Жалпы дарыгерлер практика борборунда иштеген 10 медициналык кызматкерге — 107,7 миң сом:
Анын ичинен:
Чаткал районунун ЖДПБ – 10 медкызматкерге – 107,7 миң сом берилген.

15-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X