Медина Кайрылбекова, Жогорку Кеңештин депутаты: Өлкөбүз үчүн ШКУ көп тараптуу формат болду
Бул жылы өлкөбүздүн ШКУдагы төрагалыгы эл аралык деңгээлдеги абройлуу уюмдун мааракелик жылына туш келди. Мындай шартта Кыргызстанга кошумча жүк жүктөлүп, өлкөбүздүн төрагалыгы астында 200дөн ашык атайын иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын төрагалыгы учурунда кадыры бийик уюмдун эл аралык беделин чыңдоо, эл аралык байланыштарын кеңейтүү боюнча көп иштер жасалганын белгилеген ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев кыргыз өлкөсү бул сапар өзүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланганын, өлкөдөгү бийик чокуга ШКУнун аты берилип, жалпысынан жаштар менен иштөөгө олуттуу көңүл бурулганын айтты. Биз бул сапар дал ушул дүйнөлүк саясат талкууланган ШКУдагы маанилүү иштердин жыйынтыгы боюнча коомчулуктун пикирин билүүгө далалат кылып, Кыргызстан ШКУдагы төрагалык милдетти кандай жыйынтыктай алды деген суроо менен кайрылдык.
— Кыргызстан ШКУдагы төрагалык жоопкерчиликтүү милдетти жогорку деңгээлде жыйынтыктап, уюмдун алкагындагы кызматташтыкты жаңы мазмун менен толуктоого багытталган бир катар маанилүү демилгелерди ишке ашыра алды. Мындай деңгээлдеги иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү өлкөбүздүн уюштуруучулук дараметин жана эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү. Жыйында учурдагы актуалдуу маселелер боюнча ачык, конструктивдүү пикир алмашуулар болду. Коопсуздук, экономикалык кызматташтык, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорт жана логистика, энергетика, санариптештирүү жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү сыяктуу маанилүү багыттар талкууланды. Кыргызстан үчүн ШКУ – жөн гана дипломатиялык аянтча эмес, өлкөнүн экономикалык жана саясий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзгөн маанилүү, көп тараптуу формат. Мындай ири эл аралык иш-чаралар Кыргызстандын тышкы саясий аброюна гана эмес, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эл аралык байланыштардын кеңейиши инвестиция тартууга, соода мамилелерин өнүктүрүүгө, транспорттук коридорлорду жакшыртууга, туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Эми кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашырып, жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлор менен бекемдөө маанилүү. Ток этери, Кыргызстан ШКУдагы төрагалык милдетин жогорку деңгээлде аткарды.
Каыгул Бейшекеев