Медина КАЙРЫЛБЕКОВА, ЖК депутаты: “МАМЛЕКЕТИБИЗ КҮЧТҮҮ БОЛСУН ДЕСЕК, АР БИРИБИЗ ӨНҮГҮҮГӨ САЛЫМ КОШОЛУ”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Медина Кайрылбекова менен бала чагы, кесиби, үй-бүлөсү, саясаттагы багыты туурасында кызыктуу маек курдук. Анда кеп башынан болсун.
– Медина Кайрылбековна, “Өмүр көчү балалыктан башталат” демекчи, бала чагыңыздан кеп баштасак. Ата-энеңиз жана бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Ата-энем менин жашоомо чоң таасир берген адамдар. Мен билимдүү, эмгекчил үй-бүлөдө тарбияландым. Атам товаровед-экономист болуп иштеп, аналитикалык ой жүгүрткөн, келечекти алдын ала божомолдой алган адам эле. Апам болсо мектепте математика, физика жана геометрия сабактарынан мугалим болуп эмгектенген. Жаш кезинде Кара-Суу районунда, Ош шаарында иштеп, кийин айылыбыздагы орто мектепте 75 жашка чыкканча мугалимдик кесипти аркалады. Биз беш бир тууганбыз: эки эжем, эки иним бар. Мен үйдүн ортончусумун. Баарыбызды ата-энебиз илимдүү, билимдүү кылып окутушту, эмгекчил болууга, жоопкерчиликке тарбиялашты.
– Мектепте кандай окугансыз?
– Мектепте жакшы окуган, активдүү окуучулардын катарында болдум. Чынын айтсам, жалаң “бешке” окугам. Бирок, апам ошол мектепте мугалим болгондуктан “өз кызына тартты” деген сөздөр болбосун деп, кызыл аттестатка сунушталбай калгам. Ал мезгилдерде мугалимдерди абдан сыйлачубуз. Үйүбүз мектептин жанында болгондуктан, мугалимдер биздин үйгө көп келчү. Мугалимди көргөндө тартип сактап, жоопкерчилик менен мамиле кылып, алардан тартынып үйгө кирбей сыртта жүрө берчүбүз. Дем алыш күндөрү ата-энебиз менен дасторкон четинде кенен олтуруп, жыргап эс алчубуз. Мектептеги коомдук иштерге активдүү катышчумун. Мугалимдер да мага ишеним көрсөтүп, журнал толтуртуп, мектепке келбей калган окуучулардын үйүнө жөнөтсө, аларды чакырып келген күндөрүм дагы болгон.
– Ал кездеги мугалим менен окуучунун мамилеси азыркыдан айырмаланчу беле?
– Албетте, айырмасы чоң. Биздин тарбияда мугалимди сыйлоо биринчи орунда турчу. Сабак аткарбай барып, тил уксак же тентектик кылып балдарыбыз таяк жесе, ата-энеге даттануу деген болгон эмес. Тескерисинче, өзүбүздүн катачылыгыбызды издеп, түздөнүүгө аракеттенээр элек. Азыркы учурда “Энеси болушчаактын баласы ыйлаак” болуп, мугалим какыс-кукус кылмак түгүл, катуу сүйлөп койсо деле даттанып, мугалимдин кадыр-баркын түшүрүп жатышат. Мугалимден балага талап, тартип болмоюн, окуучунун билим сапаты жакшырбайт. Буга батыш маданияты да өз таасирин берүүдө. Биз батыштын жакшы жактарын эмес, кээде туура эмес жактарын алып жатабыз. Биринчи кезекте мугалимдин кадыр-баркын көтөрүшүбүз керек.
– Өзүңүздүн дагы кесибиңиз мугалим экен. Кандай мугалим болдуңуз?
– Мугалим болуп көп жыл иштедим. Максатым – айылдагы балдардын билим деңгээлин шаардагы балдар менен теңдөө болду. Ошондуктан, сабактарды кызыктуу өткөргөнгө, балдарга жаккан ыкмаларды колдонууга аракеттендим. Балдар мектепке кызыгуу менен келсе, алардын билимге болгон умтулуусу күчөйт. Кээде окуучуларыма жолугуп калсам, кызыктуу учурларды жылуу эскеришет.
– Бул кесипти тандооңузга ким түрткү болгон?
– Кесип тандоомо атам түрткү болгон. Мен юрист болууну каалачумун. Ал кезде баары эле юрист, экономист болууга умтулушчу. Атам келечекте кытай тили керек болорун айтып, мени ушул багытка багыттады. Атамдын сөзүн эки кылбай, Каракол шаарындагы жаңы ачылган кытай тили факультетине тапшыргам. Кийин экономист адистигин дагы алдым. Атамдын демилгеси менен компьютердик курстарга да барып билим алдым. Бүгүнкү күндө ошол алган билимдеримдин жардамы тийип жатат.
– Эл өкүлү болуу кыялыңызда бар беле?
– Ооба, ичимден “элге кызмат кылсам” деп кыялданчумун. Кудайдын буйругу менен ошол жоопкерчилик мага жүктөлдү. Бирок, саясатка келүүнү атайын пландап, максат кылган эмесмин. Эл менен иштешип жүрүп, алардын ишенимине ээ болуп, ошол ишеним мени чоң жоопкерчиликке алып келди. Эл өкүлү болуу – бул жөн гана кызмат эмес, бул чоң милдет. Ар бир айтылган сөз, көтөрүлгөн маселе элдин тагдыры менен байланыштуу. Ошондуктан, ишенимди актоо үчүн тынымсыз эмгектенип, элге жакын болгум келет.
– Ишти эмнеден баштадыңыз? Негизги пландарыңыз кандай?
– Шайлоо маалында ар бир айылга барып, элдин көйгөйлөрүн жазып алгам. Учурда ошол маселелерди көтөрүп, айтып, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болууга аракет кылып жатам. Айыл жериндеги көйгөйлөр – сугат жерлери, түшүмдү сактоо жана сатуу маселелери. Айрыкча аялдардын миграциясын азайтуу маанилүү. Урааным – эне баласынын жанында болушу керек. Талас облусуна эки завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кудай буйруп, ишке ашып калса көп жумуш орундарын түзөт. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү зарыл. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн аракеттенүүдөмүн. “Эл өкүлүмүн” деш оңой, бирок, жоопкерчилиги, жүгү оор. Кайрылуулар көп келет. Кээде түнү ойгонуп алып, элдин көйгөйүн ойлоп таң атырган күндөр болот. Кечээ Талас аймагында “Элдик” депутаттар тобу министрликтин өкүлдөрү менен бирге сугат суу маселеси, кредит, айыл чарба жана социалдык объектилер боюнча көчмө жыйын уюштуруп келдик. Бул жыйында эл кызыккан суроолоруна жооп алышты.
– Ашканада кандай кожойкесиз? Кайсы тамакты жакшы жасайсыз?
– Таласка келин болуп баргандан кийин ашкананын сырын толук үйрөндүм. Үйдүн эрке кызы болгондуктан ага чейин көп иш кылчу эмесмин. Таластын эли мени тарбиялады десем болот. Кайнатам тартипти катуу кармаган адам эле, ошол тарбия мага чоң таасир берди. Мыкты келин, мээримдүү эне болууга кайын журтумдун, үй-бүлөмдүн салымы чоң.
– Кайненеңизге окшош жактарыңыз барбы?
– Тилекке каршы, кайненемди көргөн жокмун. Мен келин болуп барганга чейин эле өтүп кеткен экен. Аябай жоош-момун адам болгон дешет. Кайнатамды карап, саат-мүнөтүнөн кечиктирбей тамагын, чайын берип, тарбиясын алдым.
– Алдыда майрам. Кандай белек алганды жактырасыз?
– Ар бир аял үчүн белек – бул жөн гана материалдык нерсе эмес, эң биринчи көңүл буруу жана сый-урматтын белгиси деп ойлойм. Аял кишиге эң жакшы белек бул – гүл. Өзгөчө ак розаны жана хризантеманы жакшы көрөм. Гүл алган учурда майрамдык маанай дароо сезилет.
– Сизге эркин микрофон…
– Мамлекетибиз буюрса жакынкы жылдары өнүгүүнүн жаңы этабына чыгат деп ишенем. Ал үчүн бизге эң негизгиси туруктуулук, биримдик, ынтымак керек. Элибиз тынч, жерибиз берекелүү, мамлекетибиз күчтүү болсун десек – ар бирибиз мамлекетибиздин саясатын колдоп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу.
Чынара КАЛМАТОВА