Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Будапешттеги турнирде күч сынашат

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Спорт 142

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтө турган эл аралык «Polyak Imre & Varga Janos Memorial» рейтингдик турниринде күч сынашат.

Мелдеш 15–19-июль күндөрү өтүп, ага дүйнөнүн алдыңкы балбандары катышат.

Кыргызстандын атынан төмөнкү балбандар килемге чыгат:

  • Арууке Кадырбек кызы – 53 кг;
  • Гульнур Таштанбекова – 65 кг;
  • Мээрим Жуманазарова – 68 кг;
  • Кайыркүл Шаршебаева – 72 кг;
  • Айпери Медет кызы – 76 кг.

Курама команданы башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Нурдин Донбаев жетектейт.

Бул рейтингдик турнир кыргызстандык балбандар үчүн дүйнөлүк рейтингге упай топтоого жана алдыдагы эл аралык мелдештердин алдында таймаштык тажрыйбасын арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Спорт 142
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X