Мээрим Жуманазарова реваншка чыгат!
Кыргызстандык балбан кыз, Ослодө өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү (алтын медалдын ээси) Мээрим Жуманазарова Россияда өтө турган “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” аталышындагы спорттук күрөш боюнча супертурнирге катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык супертурнир 3-декабрда, Москва шаарында өтөт.
Анда Мээрим Жуманазарова 68 кг салмактагы россиялык Ханум Велиевага каршы күрөшөт.
Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Мээрим Жуманазарова Ханум Велиеваны жеңип финалга чыккан болчу. Бирок, россиялык машыктыруучулар бул беттеште калыстар тарабынан упай туура эмес берилгенин айтып, нааразы болушкан.
Белгилей кетсек, Алроса кубогунун алкагында грек-рим, эркин күрөш жана грэпплинг боюнча таймаштар өткөрүлөт.