Мээрим Жумуназарованын жеңишинен кийинки маеги — ВИДЕО

8-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 28

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатында кыз-келиндер күрөшүндө алтын медалдын ээси болгон дүйнө чемпиону Мээрим Жумуназарова жеңишинен кийин Бириккен күрөш дүйнөсүнө интервью берди.

Эске салсак финалдык беттеш кечээ, 7-октябрда өтүп, кыргызстандык балбан кыз япониялык Рин Мьядзини алгачкы мүнөттөрдө эле далысын жерге тийгизип, таза жеңишке ээ болгон. Балбандар 68 килограмм салмакта кармашты.

Мээрим Жуманазарова: «Баары колдон келет, колдон келбеген нерсе жок!»

https://www.youtube.com/watch?v=xmMUMYx3ZOo

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X