Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана күбөлүктөр 26-июнда тапшырылат
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтерин тапшыруу аземи 2026-жылдын 26-июнунда саат 09:00дө өткөрүлөрүн маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган күнү өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-классты аяктаган окуучуларга негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестаттар тапшырылат.
Бүтүрүүчүлөргө документтерди тапшыруу иш-чараларын уюштурууда жана алардын коопсуздугун камсыз кылууда жеке жоопкерчилик билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлдү.
Ошондой эле министрлик менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине бүтүрүү аземин өткөрүү үчүн акча каражаттарын чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынганын эскертти.
Бул талаптар билим берүү мекемелеринде тартипти сактоо жана бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилген.