Мектеп, оорукана, бала бакча: Ошто 16 объект ачылды

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82

Ош облусунда 16 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын ачылышына президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Жаңы объектилердин арасында эки мектеп, беш бала бакча, үч спорт зал, оорукана, ФАП, маданият үйү, эки административдик имарат жана парк бар.

Объектилер Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда курулган.

Алардын арасында 150 орундуу мектептер, 120 жана 60 орундуу бала бакчалар, 40 койкалуу оорукана, медициналык пункттар жана спорт залдар бар.

Ошондой эле Кара-Кулжа районунда «Буранов» паркы, Чоң-Алай районунда Социалдык фонддун имараты жана Кара-Мык айылында маданият үйү ачылды.

Жаңы объектилер аймактардагы билим берүү, медицина, спорт жана маданият тармагындагы шарттарды жакшыртууга багытталган.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X