Мектептерде 13 класс убактылуу карантинге жабылды
Бишкектеги №48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс. №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс. №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс балдардан коронавирус аныкталгандыктан убактылуу аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Андыктан мэрия ата-энелерден ооруган балдарды мектеп, бала бакчага жибербей коё турууну суранды.