Мектептерде акча чогултууга тыюу салынат
Билим берүү уюмдарында окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз акча каражатын чогултууга тыюу салынат.
Мындай аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган.
Ошондой эле ата-энелер тарабынан да мыйзамсыз акча чогултууга жол берилбейт. Мыйзамда белгиленген учурларда мындай аракеттер үчүн жоопкерчилик каралат.
Жарандардан билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултуу фактыларына жол бербөөгө чакырылат.