Мектептерде билимге үндөгөн коңгуроо үнү жаңырды
Өлкөбүздүн бардык мектептеринде көптөн күткөн салтанаттуу линейка 15-сентябрда өттү. Билим күнү алгач ирет 1-сентябрда эмес, сентябрдын ортосунда белгиленип, окуучуларды билимге үндөгөн коңгуроо үнү жаңырды. Өткөн жылы пандемия шартына ылайык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтүшкөн. Быйылкы жаңы окуу жылынын башталышы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жана туристтик сезонду узартууга байланыштуу эки жумага жылдырылган эле. Мындан ары окутууну салттуу түрдө улантууга өлкөнүн бардык мектептери жана мугалимдери жакшы даярдыктарын көрүшкөн. Буга чейин жеке мектептерде адаттагы окутуу менен билим алып келишсе, эми республика боюнча менчигинин түрүнө карабастан бардык мектептерде тайпаларга бөлүнбөй, толугу менен билим ала алышат. Шаар мектептеринде медицина кызматкерлери иштеп, ар бир баланын дене температурасын күн сайын өлчөп, класска киргизишет. Айылдардын мектептеринде да ушул тартип сакталмакчы. Новопокровка айылынын №3 мектебинин физика мугалими Ольга Афанасьеванын айтымында, ар бир сабак аяктагандан кийин класстарды желдетип, тез-тез нымдуу тазалоо менен коштолот. “Бир класста 40ка жакын окуучу бар. Айылыбызда көп адам жашагандыктан класстарда балдарыбыз да көп. Ошол себептен аларга тазалыкты сактоо тууралуу маалымат берип турабыз”, — деди ал.
Жылдан жылга калктын саны өсүп жатканына байланыштуу мектептер жана мектептерге кошумча имараттар да курулууда. Мындан сырткары көп кабаттуу үйлөрдүн ордосун куруучуларга жана шаар мериясынын өкүлдөрүнө социалдык объекттерди кошо эсептөө жана куруу өтүнүчтөрү менен бир жолу эмес, бир нече жолу кайрылып жатышканын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, мындай үйлөрдүн кичинекей тургундары башка райондордогу бала бакчага, мектептерге кирүүдө көйгөй жаралышы толук мүмкүн. Ошентсе да учурда мамлекет тарабынан өлкөнүн айрым аймактарында жыл аягына чейин 33 мектепти бүткөрүп, ишке берүү алдында турат. Ал эми билим күнү жер-жерлерде ондогон мектептер ачылып, окуу жылынын алгачкы күнү жакшы саамалыктар менен коштолду. Алсак, Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылында 100 орунга ылайыкталган Т.Актанов атындагы мектептин ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов катышып, ал тургай балдарга жомок айтып бергени социалдык булактарга тарады. Мындан сырткары, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Токмок шаарында заман талабына жооп берген бир нече жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачты. Буга кошумча жаңы окуу жылына карата айрым мектептерге капиталдык оңдоолор жасалды.
Быйылкы окуу жылында өлкө боюнча канча бала 1-класска барат? Бул суроонун тегерегинде сандардын статистикасына көз чаптырсак, жалпысынан 156 500дөн ашуун бала биринчи ирет мектеп босогосун аттады. Болжол менен 158 миңдин тегерегинде бала окуй тургандыгы 15-сентябрдан 20-сентябрга чейин такталаарын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирген эле. Анын айтымында, сандардын так болбой жатышына учурда өлкөдөгү ички миграциянын көптүгү, бир облустан экинчи облуска көчүүлөр себеп болууда. Ал эми өлкөдөгү шаарларда электрондук кезек менен мектеп босогосун аттагандардын санына токтолсок, Бишкекте 16863 окуучу, Ошто 7369, Караколдо 1975, Нарында 1157, Жалал-Абадда 2862, Таласта 1015, Кара-Сууда 865, Кара-Балтада 1172, Токмокто 1831 бала 1-класска кирди.
Өлкөнүн облустарына сереп салсак, Чүй облусунда 22 миңден ашуун бала, Жалал-Абад облусунда 21 миң 385 окуучу биринчи ирет мектеп босогосун аттады. Нарын облусундагы 143 мектепке жаңы окуу жылында 6278 бала 1-класска кабыл алынды. Ал эми Талас облусунда жалпы 113 мектеп болсо, ага 5262 окуучу кирди. Алыскы Баткен облусунун 249 мектебине 12443 окуу 1-класска барды.
Асел Барыктабасова