Мектептерде буллинг жана зомбулуктун алдын алуу күчөтүлөт

14-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 141

Билим берүү тармагында окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.

Бүгүн, 14-августта, агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана анын орун басары Айгүл Абдыкеримова менен жолугушту.

Жолугушууда үй-бүлөлүк жана жаштар арасындагы зомбулуктун, мектеп окуучулары арасындагы буллингдин, ошондой эле жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, педагогдордун эмгек укуктарын коргоо жана билим берүү уюмдарында коопсуз чөйрө түзүү маселелерине көңүл бурулду.

Тараптар жаңы окуу жылынын башында Ички иштер министрлиги, прокуратура, Агартуу, Саламаттык сактоо жана Эмгек министрликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык тегерек стол өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча илимий-практикалык конференция өткөрүү маселеси каралды.

14-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 141
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X