Мектептерде күзгү каникул 8-ноябрда башталат
Кыргызстандын мектептеринде I чейрек 5-ноябрда аяктап, 15-ноябрда II чейрек башталат. Бул тууралуу чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, быйыл окуу жылы 15-сентябрда башталгандыгына байланыштуу, окуу жылынын аягы 25-майда эмес, 8-июнга жылдырылган.