Мелис Айдаркулов: «Эркин-Тоо» эгемендик менен кошо жаралган гезит

26-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 472

«Эркин-Тоо» гезити эгемен Кыргызстан менен кошо жаралып, өлкөнүн тарыхый жолун чагылдырган маанилүү басылмага айланды. Гезиттин алгачкы башкы редактору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмери Мелис Айдаркулов басылманын түптөлүү тарыхын, алгачкы жылдардагы кыйынчылыктарын эскерип, журналистиканын өзгөргөн доору жөнүндө сөз кылып берди. Мелис агайдын айтымында, “Эркин-Тоо” жөн гана гезит эмес, ал эгемен мамлекеттин документалдык эс тутуму.

– Жаңы эгемен мамлекет өзүнүн саясий тилин жана маалыматтык жүзүн түзүп жаткан учурда “Эркин-Тоонун” орду кандай болгон?
– 1991-жылдан кийин эгемен Кыргыз мамлекети өзүнүн үнүн, өзүнүн саясий тилин, өзүнүн маалыматтык жүзүн түзүүгө батыл киришти. Ал мезгил жөн гана системанын алмашуусу эмес, бүтүндөй тарыхый аң-сезимдин өзгөрүшү болгон.
Бир доор бүттү. Бир дүйнө кыйрады. Бир мамлекет жаңыдан жарала баштады. Мына ошол татаал, белгисиз, бирок тарыхый мүмкүнчүлүктөргө толгон мезгилде Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы парламенттик гезити – “Эркин-Тоо» жарык көрдү. Бул аралык ичинде бүтүндөй бир муун алмашты. Коом өзгөрдү. Саясат өзгөрдү. Идеология өзгөрдү. Маалымат мейкиндиги түп-тамырынан жаңыланды. Бирок ушул өзгөрүүлөрдүн баарын башынан өткөрүп, оор шамалга буюкпай туруштук берип, жаңы доорго ылайык багыт издеп, өзүнүн тарыхый миссиясын өтөп келген басылмалар өтө аз болгон. “Эркин-Тоо” – ошол сейрек көрүнүштөрдүн бири.
“Эркин-Тоонун” тарыхын Кыргызстандын эгемендик тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Анткени, гезит өлкөбүздө жаңы мамлекеттик аң-сезими жаралган мезгилде пайда болду. Андыктан “Эркин- Тоо” – жөн гана гезит эмес. Ал – мамлекеттүүлүктүн күзгүсү. Ал – жаңы эгемен өлкөнүн документалдык эс тутуму. Ал – Кыргызстандын акыркы отуз беш жылдык тарыхынын улуттук хроникасы.
– Гезит эгемендик менен кошо түптөлгөн оор мезгилде аз айлыкка, жетишсиз шартка карабай жан үрөп иштегениңиздерди угуп калабыз. Ошол кездеги редакция жамаатын алдыга сүрөгөн күч эмне эле?
– Ал кездеги журналистиканы бүгүнкү муун толук элестете албайт. Компьютерлер дээрлик жок болчу. Басмаканалар эски технология менен иштечү. Айлык акылар өтө аздыгы аз келгенсип, ал дагы кечигип берилчү, же айлап берилбей калчу. Көпчүлүк учурда гезитти чыгаруу үчүн редакция кагаз таппай карайлап калган учурлар болгон. Бирок, дал ошол оор мезгилде “Эркин-Тоонун” алгачкы редакциялык жамааты мамлекеттик басылманы сактап калуу үчүн өзгөчө кайраттуулук көрсөттү. Бул жөн гана кесиптик милдет эмес болчу. Бул – мамлекетти курууга катышуу үчүн далалат, талыкпаган аракет эле. Алгачкы башкы редактор жана анын айланасына чогулган журналисттер жаңы гезиттин жөн гана маалымат таратуучу органы эмес, улуттук маанидеги интеллектуалдык аянтча болушу үчүн жан үрөп эмгек кылышты.
Эмне себептен гезит “Эркин-Тоо” деп аталып калды?
– Биздин гезиттин аталышынын өзү терең символикалуу болчу. “Эркин” – нукура көз карандысыздыкты, руханий азаттыкты, жаңы доорду билдирсе, “тоо” – кыргыз элинин мүнөзүн, туруктуулугун, бийиктигин, тарыхый тамырын туюнткан. Бул аталыш ошол учурдагы Жогорку Советтин депутаттарынын, же жаңы уюштурулган редакциялык жамааттын капыстан кабыл алган чечими менен пайда болгон эмес эле. Бул – жаңы улуттук философиянын башаты болчу.
Гезит чыга баштаган алгачкы кезде биздин алдыбызда “Эгемен Кыргызстандын парламентинин алгачкы мамлекеттик гезити кандай болушу керек?”, “Советтик пропаганданын көчүрмөсү болуп калбоо үчүн эмне кылуу керек?”, “Гезит жаңы доордун интеллектуалдык трибунасы боло алабы?” деген сыяктуу өтө татаал суроолорго жооп табуу милдети турган.
“Эркин-Тоо” дал ошол тарыхый бурулуш мезгилде кандай миссияны аркалады?
– 1990-жылдардын башындагы Кыргыз парламенти бүгүн тарыхта өзүнчө феномен катары каралат. Ал мезгилдеги Жогорку Совет жөн гана мыйзам чыгаруучу орган эмес болчу. Ал улуттук ой жүгүртүүнүн, саясий талаштардын, жаңы мамлекеттик философиянын лабораториясы эле.
Парламентте ар кандай дүйнө таанымдагы адамдар отурган: советтик мамлекеттик мектептен өткөндөр, улуттук кайра жаралуу идеясынын өкүлдөрү, демократиялык кыймылдардын лидерлери, консерваторлор, реформаторлор, интеллигенция өкүлдөрү, жаңы муундагы саясатчылар. Бир сөз менен айтканда, бул чыныгы түркүн пикирлердин парламенти болчу. Дал ошол парламентте: мамлекеттик эгемендик маселеси талкууланды, жаңы Конституция тууралуу талаштар жүрдү, мамлекеттик символдор кабыл алынды, кыргыз тилинин макамы көтөрүлдү, рынок экономикасына өтүү маселеси каралды, улуттук валюта – сом кабыл алынды, жаңы тышкы саясаттын багыты аныкталды. Ошол ар бир чечим тарыхый салмакка ээ эле. Ошондуктан ошол тарыхый чечимдерди элге жеткирүү дагы өзүнчө чоң жоопкерчилик болгон. Мына ушундай тарыхый учурда “Эркин-Тоонун” жолу башталды.
Сиз кураган алгачкы жамааттын өзгөчөлүгү эмнеде болгон? Алардын “Эркин-Тоонун” тарыхындагы ордун кандай баалайсыз?
– Бүгүн “Эркин-Тоонун” куттуу редакциясында өткөн 5 жыл тууралуу ойлогондо мен биринчи кезекте өзүм кураган алгачкы жамаатка кирген таланттуу кесиптештеримди эстейм. Алардын ар биринин элеси көз алдыма тартылып, үндөрүн угам. Жума сайын өтүүчү летучкалардагы талкууларды эстейм. Дайыма кайдандыр шашып-бушуп, летучкага кечигип кирип келген кабарчыларды эстейм. Гезитке жарыяланган макалалардын ийгилик-кемчилигин түз айтып, редакциянын аброю үчүн күйүп-бышкан башкы редактордун орун басары, чыгаан калемгер, мыкты инсан, раматылык Султан Жумагуловду, жооптуу катчы раматылык Ишен Каировду, каталарды биттей терип, гезиттин тазалыгын кармаган корректорлорду эстейм. Типографиянын боёгу жыттанган гезиттин жаңы саны колума тийген күндөрдү элестетем.
Гезит – бул тирүү организм. Анын жаны болот. Мүнөзү болот. Эс тутуму болот. “Эркин-Тоонун” жаны – анын ар бир санын жарыкка чыгарууга катышкан ошол алгачкы муун болду. Убакыт өткөн сайын алардын ар биринин эмгегинин баасы өсүп баратканын жон терим менен сезем.
Тарых көп учурда ар бир доордун көрүнүктүү саясатчыларын эстейт. Бирок ошол доордун ички атмосферасын сактап калган адамдар көп учурда көмүскөдө калат. Менимче, “Эркин-Тоонун” алгачкы журналисттери дал ошондой муун. Алар жаңы мамлекеттин маалыматтык пайдубалын түптөөгө катышты. Алар парламенттик журналистиканын алгачкы маданиятын түздү. Алар коом менен мамлекеттин ортосундагы диалогду курууга аракет кылышты. Эң негизгиси – алар эгемен Кыргызстандын биринчи маалыматтык үнүн жаратышты.
Мамлекеттик гезит катары “Эркин-Тоо” 35 жыл ичинде кандай тарыхый сыноолордон өттү жана бийлик менен коомдун ортосундагы тең салмакты сактоо мамлекеттик гезит үчүн канчалык оор деп ойлойсуз?
– Коомдо мамлекеттик гезиттерге карата ар кандай пикирлер ар дайым болуп келген. Айрымдар аларды расмий маалымат таратуучу каражат катары гана көрүшөт. Бирок, чындыгында мамлекеттик басылманын миссиясы мындан кыйла татаал. Анткени, мамлекет өзү кризисте турганда, анын маалыматтык институттары дагы басым алдында калат. “Эркин-Тоо” 35 жылдык тарыхында Кыргызстандын дээрлик бардык саясий бурулуштарына күбө болду: эгемендиктин алгачкы романтикалуу жылдарына, экономикалык кыйроолорго, парламенттик жана президенттик реформаларга, 2005-жылдагы март окуяларына, 2010-жылдагы апрель трагедиясына, улуттук биримдик маселелерине, чек ара көйгөйлөрүнө, жаңы медиа доорунун келишине.
Ар бир мезгил гезиттен жаңы позицияны талап кылды. Мамлекеттик басылма үчүн эң оор нерсе – бийлик менен коомдун ортосунда тең салмак табуу. Бир жагынан ал расмий маалыматты так жана жоопкерчиликтүү жеткирүүгө милдеттүү. Экинчи жагынан элдин маанайын, коомдук талаптарды, суроолорду, улуттук муктаждыктарды да сезиши керек. “Эркин-Тоо” дал ушул татаал чек арада иштеп келди жана иштеп жатат.
Интернет заманында маалымат көп, бирок ишеним аз болуп калды. Мындай шартта мамлекеттик басылманын жоопкерчилиги кандай болуп өзгөрдү?
– 1990-жылдардагы гезит менен бүгүнкү гезит – эки башка дүйнө. Мурда маалыматты эл көбүнчө гезит аркылуу алчу. Бүгүн маалымат секунд сайын телефондон агып жатат. Мурда журналист факт издечү. Бүгүн журналист фейктен чындыкты ажыратууга аргасыз.
Интернет доору салттуу басма сөздү дүйнө жүзүндө кризиске алып келди. Көптөгөн гезиттер жабылды. Айрымдары толугу менен санарипке өттү. Айрымдары коомдук таасирин жоготту. “Эркин-Тоо” дагы ушул чоң өзгөрүүнүн ичинде жашап келет. Бирок бул жерде маанилүү бир нерсе бар: расмий маалыматка болгон муктаждык эч качан жоголбойт. Тескерисинче, маалыматтык баш аламандык күчөгөн сайын, жоопкерчиликтүү жана институционалдык журналистиканын баасы өсөт. Ошондуктан “Эркин-Тоонун” бүгүнкү милдети мурдагыдан да татаал: ылдамдык менен тактыктын ортосунда баланс табуу, мамлекеттик позиция менен коомдук ишенимдин ортосунда көпүрө болуу, архивдик эс тутумду сактоо, жаңы муундагы окурманга ылайыкташуу. Бул эми жөн гана гезит чыгаруу эмес. Бул маалыматтык суверенитет үчүн күрөш.
Сиздин оюңузча, “Эркин-Тоонун” чыныгы тарыхы эмнеде — архивдеби же аны жараткан адамдардабы?
– Бул жөн гана эскерүү эмес. Биз өткөндү гана эстеп жаткан жокпуз. Биз мамлекеттин жаралуу доорундагы адамдардын руханий портретин сактап калууга аракет кылып жатабыз. Анткени, убакыт өтөт, ал эми архив сакталып калат. Документ калат. Гезиттин сандары калат. Бирок адамдардын ички сезими, алардын үмүтү, романтикасы унутулуп кетиши мүмкүн. Мен дал ошол сезимди сактап калгым келди. Анткени “Эркин-Тоонун” чыныгы тарыхы — кагаздагы саптарда гана эмес, аны жараткан адамдардын жүрөгүндө жашап калат.

Маектешкен
Бактыгүл Кулатаева

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X