МЕН СИЛЕРДИ ЖЫЛДА КҮТӨМ, САГЫНАМ…
Бала чакта кыш айларында эшикте турган сууктун айынан сыртка көп чыга албай, зеригип үйдө олтурган биз, жаз келээри менен үстүбүздөгү оор кийимдерди жеңилине алмаштырат элек да, көбүнесе сыртта ойночубуз. Үйүбүздүн эгин экчү жерине тап кирип, көк чөптөр баш көтөрүшүп, алар менен “талаа гүлдөрү” да кошо чыгышчу. Сабактары ичке, назик гүлдөрдүн ар бир түрүнөн үзүп, банкага суу куюп салып, бөлмөдөгү терезеге коюп койчубуз.
Кечээ эле “мына кыш башталды, сууктар али алдыда” — деген мен, бүгүн үйдүн астында сыртты карап турам. Быйыл жаз демейдегиден эртерээк келип калганын туюп турам. Улуу Күндүн нурлары жерге тийип, ысытып баштаганда, албетте өсүмдүктөр өйдө көтөрүлүшөт. Жер жайнап “көк” чыгат. Өрүк, алма, гиларс, шабдаалы, бадамдар да өз аракеттерин башташып, бүчүрлөрүнөн агыш-кызгылт, кызгылт-пушту түстөрдөгү таажыларын кылтыйтышып, жашыл жалбырактары менен кошо, сыртка умтула башташканы турган
кеп.
Бүгүн жаңы чөптөр жашылданып, өңдөрүнө чыгып калышыптыр. Ар түрдүү отоо чөптөрү менен аралаша “биздин” гүлдөрдүн баш көтөрүп чыгып калгандарын көрүп кубанып кеттим. Бир кадам аттаганымда ак гүлдөр, кийинки кадамымда көк гүлдөр астымдан тосуп чыга башташты. Буларды жаш кезде “ак, көк, кызыл жана сары гүлдөр” — деп эле атап койчубуз. Бүгүн болсо 5 таажылуу көк гүлдү карап “сенин илимий атың — “медуница”, сары топчугүлдү карап “анемона липсиенсис” — деп аттарын айта аламын.
Аттарын билгенимдин да себептери бар. Бизди, көп баланы төрөгөн апам жаш кезибизде, 1980–1990-жылдарда жаз келээри менен гүлдөргө алып келип ойнотот болчу. Гүлдөрдү карап апам: “Ай-ий! Карагылачы бул гүлдөрдү! Сонун болуп ачылышкан турбайбы!” -деп кубанып, мээримин төгүп, көздөрүн бажырайтчу. Гүл менен ишибиз да жок, оюбуз бир гана оюнда болгон бизди көңүл бурдуртуп, аны сүйүүгө үгүттөгөндөй болоор эле. Апам себепчи болуп, ошондон бери гүлгө чоң кызыгуум пайда болгон.
Жана гүлдөрдү таанып, окуп билүүгө атамдын бир тууган агасы, раматылык Касым Каратаев аттуу авам да себепчи десем болот. Мен окуган СССР убагындагы Барпы айылындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектепте “биология мугалими” болуп эмгектенээр эле. “Методист-мугалим” деген статусу бар, күчтүү агай болчу. Бир жолу авама Акыл байкем экөөбүз гербарий жасашканга жардам бергенбиз. Кайсы гүл кандай аталаарын, пайдасы кайсы, зыяны барбы же жокпу айтып берген. Ошол каанасындагы орус тилиндеги “Розы” деген китепти сурап алганмын. Китепте розанын 50 чакты түрүнүн сүрөттөрү тартылган экен. Көркөм сүрөт тартканга кызыккан жаным андан көрүп розаларды тартканмын. Кооз гүлдү колго алганда андан энергия чыккандай сезилип, ой-кыялдарымды дүрбөтүп, эргүүлөргө “учуруп” башташат. Гүлдөрдү тартуу үчүн адырларга, жайлоолорго көп жолу чыкканмын. Тарткан сүрөттөрүм чоң ырахаттарды тартуулаган.
Ар бир гүл – бул грация! Ар бир гүл бул — эмоция! Ар бир гүл — бул чакырык катары! Ал деген чоң сулуулукка чакырык десем жарашчудай. Гүлдөр жөн гана кооз чөптөр эмес, алар түпкүрдөгү уялуу сезимдерди ойгото койчу заттар. Кубаныч, ырахат, назиктик, сүйүү — ушулардын баары ар бир гүлдүн өзүнүн ритминде толкуйт. Аны сезгендер сезээр. Гүлдүн баары — маанайды көтөрүп, сыйкырга тете бурулуштардын булагы боло алат. Азыр жыттап, көзүм тойбой карап турган талаа гүлдөрүм — ажайып күнөстүү маанайды билдирип жатат. Эстетикалык сулуулукка ыктап, сулуу гүлдөрдү жакшы көрүү — мага стихия катары энчиленгендей.
Гүлдөр менен жолукканда, мындай дейм: “Оо менин ак, кызыл, көк, жана сары гүлдөрүм! Силер жылда сулууланып ачыла бергиле, нурдуу назиктерим! Мен силерди жылда күтөм… сагынам… сүйөм!
Кайрат ИСКЕНДЕРОВ,
публицист, Сузак району